Коронавирус пандемиясынан улам эки ай мурун жабылган Сауд Арабиясындагы мечиттер кайрадан ачылууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, өлкө бийлиги мечитке келгендерден социалдык аралыкты сакташын суранышкан. Мечиттерде кондиционерлер иштебейт. Дааратканалар жана жуунуу бөлмөлөрү жабык болот.
Эске салсак, Сауд Арабиясында 17-мартта коронавирус пандемиясынан улам мечиттерде жамааттык намазга убактылуу тыюу салуу чечимин кабыл алышкан.
Бул өлкөдө коронавирус инфекциясы жалпы 85 миң 261 адамдан аныкталды. 503 адам каза болсо, 62 миң 442 бейтап айыгып чыкты.