Испаниянын Пуэртольяно шаарындагы тургун карантин учурунда кызынын көңүлүн көтөрүү максатында таштанды төгүүнү өзгөчө кызыктуу процесске айланткан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Карантин учурунда үйдү тазалап жатып атасы "Муздак жүрөк" ("Холодное сердце") мультфильминдеги Олаф кар кишинин кийимин таап алган. Ошондон кийин ага өзгөчө идея келип, 3 жашар кызы менен күндө таштанды төгүүгө чыгарда ар кандай мультфильмдердин каармандарынын кийимдерин кийип чыгышат. Ата-кызынын түркүн түстүү формаларын көрүү үчүн кошуналары да күндө кечинде балконго чыгып, тамаша кылышат.