22-март саат 21:00гө карата Кыргыз өлкөсүндө коронавирус жуктуруп алгандардын саны өзгөргөн жок

22-март саат 21:00гө карата Кыргыз өлкөсүндө коронавирус жуктуруп алгандардын саны өзгөргөн жок. Бул тууралуу республикалык штаб маалымат таратты.

Бардыгы болуп өлкөдө вируска кабылгандардын саны 14 (6 эркек, 8 аял). Бейтаптардын жаш-курактары 25 жаштан 80 жашка чейинкилер, бардыгы тиешелүү дарылануудан өтүүдө. Бейтаптардын арасынан Жалал-Абад облусунда дарыланып жаткан эки адамдын абалы орточо оор деп аныкталып, дене табынын көтөрүлүшү – 38°С, кургак жөтөлү бар. Ал эми калган 12 бейтаптын абалы канааттандырарлык.

Бейтаптар менен байланышта болгон жактардын саны - 2 628 адам. Алар карантинге алынган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Arina07
2020-03-22 23:17:33
Аллахым ушул боюнча сактасын. Ооругандар айыгып корбогондой болуп кетсин. Кыргыз элим бата, дуа кылыштан чарчабайлы.
+1
asanaliev.s
2020-03-23 06:12:51
Озгорбой эле койсун саны.Жакшы жанылык угалы жакшы болуп башташты деген.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан