Бишкек шаардык мэриясы бир апта аралыгында 53 ишканага санитардык талаптарды аткарбагандыгы үчүн протокол түзүлгөнүн маалымдады. Анда айтылгандай, жалпысынан аларга 209 миң сомдук айып салынган.
Мэриянын алдындагы санитардык-экологиялык инспекция шаардагы мындай жайларга карантин учурунда рейд жүргүзгөн. Анын алкагында санитардык патруль Pierre Coffee жана Istanbul кафелеринин толук кандуу иштеп жатканына күбө болгон.
"Istanbul кафесиндегилер санитардык-экологиялык инспекциянын өкүлдөрүн киргизүүгө каршылык да кылышкан. Эки кафеде тең санитардык нормалар сакталган эмес, орундуктарда кардарлар отурушкан, аларды тейлеген кызматкерлер кадимкидей иштеп жүрүшкөн. Азырынча кафе, ресторан, тез татым жайлары тамак-ашты жеткирип берүү жолу менен гана иштегенге уруксат. Кафелердин кожоюндарына карата протокол түзүлдү. Ага ылайык, юридикалык жактарга 13 миң сомго чейин, жеке жактарга 3 миң сомго чейин айып салынат", - деп айтылат мэриянын маалыматында.
Учурда аталган инспекция тарабынан шаар ичинде рейд жүргүзүү улантылууда.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов коомдук тамактануучу жайлар 25-майдан тартып иштей баштай турганын маалымдаган.
"25-майдан баштап 50дөн ашпаган адамга ылайыкталган коомдук тамактануучу жайлар, кафе, ресторандар, жайкы кафелер иштесе болот. Бул жерде талап - ар бир столдун аралыгы 1,5-2 метрди сакташы керек. Чакан тамактануучу жайлар - фуд-корддордун иштөөсүнө тыюу салынат", - деген ал.