Бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмония илдети дагы 619 адамдан аныкталды. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашкандай, илдетке кабылгандардын көбү Бишкекте жана Ошто катталды.
Бишкек шаары - 273;
Ош шаары - 110;
Чүй облусу – 99;
Ош облусу - 57;
Талас облусу - 7;
Нарын облусу - 5;
Ысык-Көл облусу – 22;
Жалал-Абад облусу – 26;
Баткен облусу - 20.
Муну менен өлкөдө коронавирустан жабыркагандардын саны жалпы 109 миң 812 болду.
Соңку 24 саат аралыгында 296 бейтап илдеттен сакайып, үйлөрүнө чыгарылды.
Бишкек шаары – 142;
Ош шаары – 41;
Чүй облусу – 42;
Ош облусу – 13;
Талас облусу – 4;
Нарын облусу – 7;
Ысык-Көл облусу – 26;
Жалал-Абад облусу – 19;
Баткен облусу – 2.
Жалпы айыккандардын саны 102 миң 314гө жетти.