Кечээ, 21-майда Бишкектеги Улуттук онкология жана гемотология борборунда 120 жаран текшерүүгө алынып, анын ичинен 14үнөн инфекция аныкталганы маалымдалган. Алардын бирөө дарыгер, экөө медайым, үчөө балдарын карап жаткан эне жана 8и балдар экени айтылган.
Илдет аныкталары менен Улуттук онкология жана гемотология борборунда атайын борбор уюштурулган. Ал эми медицина кызматкерлери Республикалык клиникалык жугуштуу ооруулар ооруканасында дарыланмай болгон. Мындан улам бүгүн, 22-майда SUPER.KG порталы Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиевден алардын абалы тууралуу билди.
Башкы дарыгердин айтымында, азыркы тапта коронавирус жуктуруп алган 3 бейтаптын абалы канааттандырарлык.
"Улуттук онкология жана гемотология борборунун 3 кызматкери учурда биздин бейтапканада дарыланууда. Алардын абалдары туруктуу жана канааттандырарлык", - деди Аалиев.