Чек арада ок жеген 3 жоокердин экөө бүгүн ооруканадан чыгарылат

Бүгүн, 22-майда чек ара чырында ок тийип жаракат алган 3 аскердин экөө бейтапканадан чыгарыла турганы белгилүү болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2 жоокердин учурда абалы жакшы жана 1 жоокердин абалы өзгөрүүсүз калууда.

"Кыргыз-Тажик чек арасындагы чырда ок жеп жаракат алган 3 жоокердин экөөнүн абалы жакшырганына байланыштуу алар бүгүн бейтапканадан чыгарылат. Ал эми бир жоокердин абалы азыркы тапта жакшы, бирок ал дарылануусун дагы улантат", - деп билдирди мекеменин маалымат кызматынын өкүлү.

8-майда Баткен районунун Көк-Таш айылында кыргыздар менен тажиктердин ортосунда чыр чыккан. Жергиликтүү тургундардын жана расмий бийликтин билдиришинче, чыр жер тилкесин талашуудан чыккан жана аныгында талашка түшкөн жер тилкеси кыргыздарга тиешелүү болгон. Жер тилкеси үчүн 30-40ка чукул кыргыздар менен 30-40тай тажиктер бири-бирине таш ыргытышып, уруш учурунда ок дагы атылган.

Ок атышуунун кесепетинен Чек ара кызматынын 3 аскери жана 1 тургун жаракат алган. Ал 3 аскер кызматкери Бишкекке алып келинген. Чек ара чырында ок тийип жаракат алган С.уулу М. аттуу аскердин абалы оор экени айтылган.

Ал эми окуя боюнча эки өлкө тең бири-бирин күнөөлөп жатышат. Буга чейин Кыргыз өлкөсү чек арадагы чыр боюнча Тажикстанга каршылык билдирүү нотасын жөнөткөн. Тажикстан нотага жооп берген.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан