8-майда Москвада Орусиянын президенти Владимир Путин менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жолугушту.
Ал эми буга чейин Владимир Путин менен Эмомали Рахмондун Москвада өтө турган жолугушуусунда Кыргыз-Тажик чек арасындагы чыр-чатак талкуулана турганы кабарланган.
Тажикстандын президентинин расмий сайтында маалымдалгандай, анда Рахмон чек арадагы бардык көйгөйлөрдү тынчтык жолу менен чечүүгө кызыкдар экенин айткан. Орусиянын президентинин расмий сайтында Владимир Путин менен Эмомали Рахмондун жолугушуусу жөнүндө жарыяланганда Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек арасындагы жаңжал жөнүндө айтылган эмес.
Бир жолугушуудагы эки ача маалыматка көпчүлүгү түшүнбөй турат. Мындан улам SUPER.KG порталы саясат таалдоочулардын пикирлерин укту.
Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев:
"Тажикстандын расмий сайты чек ара маселеси ачык талкууланып, анда бул маселени тынчтык жолу менен чечүү тууралуу айтылды деп маалымдалып жатат. Ал эми орусиялык басылмаларда бул тууралуу сөз айтылган жок. Эгерде бул маселе ачык талкууланса, анда Орусиянын сайты алгачкылардан болуп жазып чыкмак. Муну бул жерде бизге кол салгандан бери жалган айтып көнүп калган Тажикстандын массалык маалымат каражаттары дагы ошондой эле жалган маалыматтарды таратып жатышат деп божомолдосок болот. Негизи Путин эки тарапты "чырдашкыла, кол салгыла" деп ачык айтпаганы менен Тажикстанды колдоп жаткандыгы айдан ачык көрүнүп жатат. Мисалы, Дүйшөмбүдө ЖККУнун кезектеги кеңеши болуп, быйылкы жылы Тажикстан башкармалык кылып жатат. Анда же Орусиянын жетекчилери же башка мамлекеттер бирөө дагы "бул эмне деген жаңжал, аны токтоткула" деп сунуш берип, айткан жок.
Орусия негизи авторитардык принципти карманган өлкөлөргө жан тартат. Эгерде ушул эле сунушту бизге сунуштаса, анда бир аз татаалыраак болмок. Ал эми Тажикстанды болсо Рахмон өзү жалгыз эле чечип коёт. Ошондуктан Орусия үчүн аткаруунун мындай формасы оңой. Анан экинчи жагы бизди авторитардык болгон күндө деле бийлик эл менен ымала түзө албаса, кайра эле булар президентин кубалап жиберет деп да чочулап жатышат".
Баткен облусунун мурунку губернатору Мамат Айбалаев:
"Кыргыз өлкөсүнүн президенти Садыр Жапаров сүлөшүүгө катышкан жок. Путин чоң, күчтүү өлкөнүн жетекчиси. Анын үстүнө биз Орусиянын стратегиялык союздашыбыз. Ошондуктан Орусиянын президенти бизге карата чебердик менен мамиле кылат жана саясат жүргүзөт. Алар азырынча бул тууралуу маалымат жарыялоодон кооптонуп турушат".
Саясий эксперт, көз карандысыз журналист Айданбек Акматов:
"Эки тараптын жолугушуусунан расмий кыска гана маалымат болду. Анда, албетте, Кыргыз-Тажик чек арасындагы чыр-чатак талкууланган. Бирок бул жерде орус тарап эч бир жакка басым жасаган жок. Анын себеби катары Кыргыз өлкөсү да, Тажикстан дагы Орусия үчүн бирдей мамлекет болуп эсептелет. Экөө тең жамааттык коопсуздук келишим уюмунун мүчөсү жана башка. Ал эми Тажикстандын абалы болсо Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу. Ал жерден Америка аскерлерин чыгарып жатат.
Ал эми 29-30-апрелдеги окуяларга келгенде тажик тараптын эң бир чектен чыккан аракети Лейлекте куралсыз адамдарга кысым көрсөткөнү, аткылаганы, суу башында чек арачылар менен жүргөн жөнөкөй жарандарыбызды миномёт менен аткылап, көп адам каза болду.
Албетте, муну аныкташ керек, изилдеш керек, далилдеш керек. Негизи Орусия тынчтык жолу менен чечилет дегенге басым жасап жатат. Ал эми Путиндин Жапаров менен сүйлөшпөгөнү да табышмактуу жагдай, мунун башка белгисиз өңүттөрү бар деп эсептейм".
28-30-апрель күндөрү Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек арасында куралдуу жаңжал болуп, анын натыйжасында расмий маалыматтарга ылайык, Кыргыз Республикасынын 189 жараны жаракат алып, 36 жаран каза болгон. Тажик бийлиги расмий түрдө 19 адам каза болгонун жана 87 жаран жаракат алганын жарыялады.
Чыр-чатактын натыйжасында, Баткен районунун айылдарында 78 үй, 2 мектеп, фельдшердик акушердик пункт, 3 чек ара заставасы, бала бакча, 10 май куюучу жай, ички иштер бөлүмүнүн имараты жана 8 дүкөн күйүп кетти. Тажик бийлиги 3-майда Исфаранын үч жамаатындагы 14 үй толугу менен, эки үй жарым-жартылай, ошондой эле Овчи Калача айылындагы орто мектеп жана бир турак үй жарым-жартылай талкаланган деп маалымдады.
Эки өлкө тең бири-бирин айыптап, Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын көзөмөл органдары оор беренелер боюнча кылмыш ишин козгошту.