Учурда Москва шаарында иштеп жүргөн Кыргыз жараны Баян Капаров карантиндеги Москва шаарын сүрөткө тарткан. Ал өзү сүрөт тартууга кызыгат. Сүрөт тартууга ал иштеп жаткан жумушу аяктаар замат киришет.
Анда баарыбыз мекендешибиздин көзү менен Орусиядагы карантин учурду көрөлү.
Орусияда бүгүн, 22-майга карата 317 миң 554 адам коронавирус менен ооруп жатат. Ал эми 92 миң 681 адам айыгып чыкса, 3 миң 99 адам каза болду.