Бүгүн, 8-апрелде биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов онлайн маалымат жыйын берүүдө.
Анда Боронов медицина кызматкерлери кээ бир талаптарды так аткарбай калгандыгына байланыштуу вирусту жуктуруп алышканын айтты.
"Ош шаарындагы ооруканада иштеген дарыгер кошунасынын үйүндө отуруп, вирусту жуктуруп алган. Андан кийин ал өзүнүн кесиптештерине жуктурган. Ал иштеген бөлүмдө 11 кызматкер бар", - дейт Боронов.
Бүгүн, 8-апрелге карата Кыргыз өлкөсүндө дагы 42 адам вирусту жуктуруп алганы аныкталган.