Бүгүн, 23-майда Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов коронавирустун жайылышынын алдын алуу иш-чаралары жөнүндө маалымат берип жатат. Анын айтымында, оору эң көп жайылган аймак Ленин району болууда.
"Коронавирус менен Бишкекте 348 адам ооруду, алар 727 адам менен байланышта болгон. 348 ооруга чалдыккандардын ичинен 90у медицина кызматкерлери, 43ү милиция кызматкерлери. Бүгүнкү күндө Санэпидкөзөмөл борбору 18 миң 810 адамдан анализ алган. Анын ичинен 102 адам Ленин районунда. Бишкек шаарынын кыска байланыш номерине чалып, 7064 адам консультация алды", - деди ал.