Учурда Ысык-Көлгө кирип-чыгууда көпчүлүк чектөөлөр алынды. Бул тууралуу бүгүн, 23-май күнү брифинг учурунда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Дамир Моңолдоров билдирди.
"Учурда бир облустан экинчи облуска каттоодо гана чектөө болбосо, облуска өтөрдө мурункудай тест тапшыруу сыяктуу күчтүү талаптар жоюлду. Азыр облуска адамдын өздүк паспорту, каттоосу текшерилип, дене табын өлчөп, киргизип жатышат.
Сырттан келген жарандар боюнча, алар тууралуу маалымат бизге чейин эле такталат. Андыктан чек аралардан аларды тосуп алып, тиешелүү текшерүүдөн өткөрүп, дени сак болсо үй карантине жөнөтүп жатабыз. Эгер коронавируска шек жаралса, обсервацияга жаткырылат. Алар обсервацияда 14 күн аралыгында 2 жолу анализ тапшырып, качан гана таза болгондо үй карантинине жөнөтүлөт", - деп билдирди Моңолдоров.