Кыргыздын Орусиядагы элчилигинин 4 кызматкеринен коронавирус аныкталды

Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин 4 кызматкеринен коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына элчиликтин маалымат кызматынан Гүлбарчын Байымбетова тастыктап, ага карабастан элчилик штаттык режимде иштеп жатканын белгиледи.

Байымбетованын айтымында, инфекция элчиликтин кызматкерлеринен тышкары Мамлекеттик миграция кызматынан да аныкталган. Аталган мекеменин да төрт кызматкери коронавирусту жуктуруп алган. Мындан тышкары ИИМдин Москвадагы өкүлчүлүгүнүн 3 кызматкери да COVID-19 илдетине чалдыккан. Алардын баары обочолонууга алынып, айрымдары оорудан айыгып чыкканын кошумчалады элчиликтин маалымат кызматынан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Eka.kg
2020-05-23 14:10:59
Эмнеге Кыргыздын, Кыргызстандын эмес?!
+9
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан