Орусияда акыркы бир суткада коронавирустан 147 адам каза болду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык жалпы каза болгондордун саны 12 миң 892ге жетти. 795 миң 38 адамдан коронавирус аныкталды. Анын 580 миң 330у илдеттен айыккан. Ал эми 267 миң 315 бейтап учурда дарыланып жатат.