Москва-Бишкек каттамы боюнча уча турган жумушчу топтун координатору жана жарандык активист Тимур Саралаев коомдук ишмер Токтайым Үмөталиевага нааразы. Ал бул тууралуу өзүнүн социалдык тармактагы жеке баракчасына жазуу менен SUPER.KG порталына айрым маалыматтарды айтып берди. Айтымында, Үмөталиева себепсиз элди дүрбөтүп, алардын иреттүү иш кылуусуна тоскоолдук жаратып жатат.
"Аргасыз кайрылып жатам, мага ар кандай маалыматтар вотсап аркылуу мигранттардан келип жатат. Алар мага ушул айтылгандар чынбы деп сурап, суроо салышууда. Аудиону толугу менен угуп чыктым, азыркы тапта аэропортто жүрөм. Бул жакта да сизди угуп келгендер жүрөт. Эже, иниңиз катары суранам, элди дүрбөтпөңүз. Сизди кайра Москванын бир бөлүгү угуп алып, ушул сөздөр чын экен деп аэропортко барып алып, жок жерден жаңжалга чалынып калышат. Сиз өзүңүз эмне дегениңизди түшүнбөй, бул жакта реалдуу кырдаалды сезбей, сыздап-боздогон эже-карындаштарды укпай, маалыматты тактабай туруп, тынч жаткан элди козутуп жатасыз. Жөн жерден кайра эле элге жаман аттуу болосуз.
Анан кайра фейктер менен чабуул кылып жатат деп бизди күнөөлөйсүз. Чынын айтканда сиз менен алек болгонго убакыт да, каалоо да жок. Дагы бир жолу суранам эже, эч нерсеге кийлигишпеңизчи, элчилик берген тизме толугу менен биздин көзөмөлүбүздө. Ал тизмеден тышкары бирөө да башка эшик менен учакка кире албайт, буга мен сизге кепилдик берем. Чынында сиздин маалыматтарыңыз биздин жумушту тартип менен жүргүзүүгө катуу тоскоолдук кылып жатат. Провокациялык маанайдагы билдирүүлөр менен алек болуу туура эмес", - дейт Саралаев.
Бул боюнча Үмөталиева төмөнкүдөй комментарий берди. Айтымында, аны Саралаев айыпсыз каралап жатат.
"Саралаевдин пикирине комментарий дагы бергим келген эмес. Анткени уяты бар адам ал нерсени жазбайт, уяты жок адамга айла жок. Ал ар бир сөздөрүнүн далилин берсин. Ал айткандай эмес, 8 жашар бала көчөдө калып калган. Ага басып барышкан жок, анын апасы пневмония менен оор абалда ооруканага түшкөн. Мына андан кийин гана алар мага чалган. "Эже 8 жашар балам жалгыз калды, жардам берип коюңуз" деп кайрылган. Андан кийин Тимур ал жакка элчинин жардамчысы, кеңешчиси бара жатат деди. Бирок ага эч ким барган жок. Анда да өзүбүздүн тааныштар барып жардам берип, маселени чечти. Ал айтып жатат, тиги тигинтип айтты, муну мынтип айтты чагымчыл деп. Эгер андай болсо, ар бир баланын атын айтсын, менин ар бир сөзүм кол телефонумда жазылуу. Мен эмес, алар жалган маалымат таратып, менин үнүмдү кесип колдонуп жатышат", - дейт Үмөталиева.
Белгилей кетсек, 26-майда Москва-Бишкек каттамы менен Орусиядагы мекендештерибиз мекенине кайтып келиши күтүлүүдө. Бул маалыматты Москва-Бишкек каттамы боюнча уча турган жумушчу топтун координатору Тимур Саралаев да тастыктады.