Коронавирус пандемиясы дүйнө жүзүндө ушул жылдын декабрь айында токтойт. Айрым өлкөлөрдө андан дагы эрте токтой турганын окумуштуулар айтып чыгышты.
Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, Сингапурдун Технология жана дизайн университетинин (SUTD) изилдөөчүлөрү коронавирустун жайылуусу боюнча математикалык моделин анализдөөдө мындай жыйынтыкка келишкен. Анда АКШда коронавирус сентябрдын ортосунда, ал эми Улуу Британияда августтун аягында токтошу мүмкүн экендиги айтылган. Изилдөөчүлөр абал өзгөрүлмө болуп жаткандыктан бул болжолдор так эместигин кошумчалашкан.
"Окурмандар бардык божомолдорду этияттык менен кабыл алуусу керек. Анткени божомолдорго ишенүү алдын алуу чараларын, коюлган талаптарды так аткарбоого алып келет", - дешкен окумуштуулар.
Буга чейин аталган университеттин изилдөөчүлөрү Кыргыз өлкөсүндө жана башка мамлекеттерде коронавирустун жайылуусу качан токтой турганын жарыялашып, кийинчерээк аны жокко чыгарышкан.