"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирус инфекциясын 64 миллионго жакын адам жуктуруп алды

Бүгүн, 2-декабрда карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 63 миллион 770 миң 421 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 40 миллион 954 миң 635 бейтап айыгып чыкса, тилекке каршы, 1 миллион 478 миң 923 адам каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 13 миллион 709 миң 941 болду. 270 миң 509 адам каза болсо, 5 миллион 226 миң 581 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 9 миллион 462 миң 809 адамдан аныкталды. 137 миң 621 адам каза болсо, 8 миллион 889 миң 585 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 6 миллион 386 миң 787 адам вируска кабылган. 173 миң 817 бейтап көз жумса, 5 миллион 712 миң 305 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан