Чүй облусунда коронавируска кабылган 14 бейтаптын абалы оор, 1 бейтаптын абалы өтө оор экени айтылды

Чүй облусунда коронавируска кабылган 14 бейтаптын абалы оор жана 1 бейтаптын абалы өтө оор. Бул тууралуу бүгүн, 14-январда Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Мияров брифинг учурунда билдирди.

Анда Мияров өлкөдө коронавируска карата көрүлгөн чаралардын жардамы менен коронавирус эпидемиясынын жайылып кетүүсүнө жол берилбей жатканын айтты.

"Коронавирус өлкөдө биринчи катталган учурдан баштап Чүй облусундагы 11 миң 913 адам ооруну жуктуруп алган. 2021-жылдын 14-январына карата 201 бейтап дарыланууда жатат. Анын ичинен 186 адамдын абалы орточо оор, 14 адам оор абалда жана бир адамдын абалы өтө оор деп бааланууда. Каза тапкандар жок", - дейт Чүй облусунун башчысы.

.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан