Окумуштуулар коронавирус организмде канча сакталарын айтышты

Пекин медициналык борборунда эл аралык окумуштуулар тобу изилдөө жүргүзүп, коронавирус адамдын организминде канчага чейин сакталарын аныкташты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Изилдөөнүн жыйынтыгында окумуштуулар COVID-19 вирусу менен ооругандардын тең жарымында оорунун белгилери жок болуп калса деле организмде вирус 1 күндөн 8 күнгө чейин кармалат деген жыйынтыкка келишкен. Буга байланыштуу окумуштуулар дарыланып чыккан жарандардын карантин убагын 1-2 аптага узартуу керектигин айтышат. Изилдөөгө 28-январдан 9-февралга чейин дарыланып чыккан, орточо 35 жаштагы 16 бейтап алынган. "Бейтаптардын баары вирустун ар кандай түрү (жеңил, орточо, оор) менен жабыркап, дарыланган соң тесттен коронавирус жок экендиги аныкталган", - дейт изилдөөгө катышкан пульмонолог Локеш Шарма.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
AksyKum
2020-03-28 18:40:22
СПИД сыяктуу омур бою журот депда коркутушту элего
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан