Бүгүн, 22-мартта Өкмөт үйүндө өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Акматов өлкөдө өзгөчө кырдаал киргенине байланыштуу онлайн маалымат жыйынын берүүдө.
Жыйында өзгөчө кырдаал шартында адамдар өзүн кантип алып жүрүү боюнча маалыматтар берилип жатат.
Мындан тышкары социалдык тармактар аркылуу 23-марттан баштап интернет өчүрүлөбү деген суроого Калыс Акматов "Мындай маалымат чындыкка дал келбейт" деп жооп берди.
Кыргыз өлкөсүндө коронавирус аныкталгандардын жалпы саны 14.