Эгерде карантиндик чаралар тез арада алынса, коронавирус инфекциясынын саны азайган өлкөлөр пандемиянын биринчи толкунунун экинчи чокусуна туш болушу мүмкүн. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өзгөчө кырдаалдар программасынын жетекчиси Майкл Райан Женевада өткөн брифингде билдирген.
"Азыр биз инфекциянын экинчи толкунуна жете элекпиз. Биз биринчи толкундун ортосунда турабыз", - деген Райан.
Анын айтымында, Европа жана Түндүк Американын өлкөлөрү коронавируска каршы күрөштү улантыш керек. Мындан тышкары дүйнөдө коронавирус инфекциясынын экинчи толкуну байкала элек, бирок Борбордук жана Түштүк Америкада, Африкада жана Түштүк Азияда коронавирустун катталып жатканына караганда дүйнө жүзү инфекциянын биринчи толкунунун ортосунда турат.
Акыркы маалыматтар боюнча, коронавирус инфекциясы дүйнөдө 5 миллион 515 миң 109 адамдан аныкталды. Алардын арасынан 346 миң 632 адам каза болсо, 2 миллион 250 миң 207 бейтап айыгып чыкты.