Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошевдин коронавирус инфекциясына карата тапшырган анализинин жыйынтыгы чыга элек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына КСДП партиясынын мүчөсү Кундуз Жолдубаева билдирди.
"УКМК Атамбаевге жактоочусу Замир Жоошев аркылуу жуккандыр деп расмий билдирүү таратып жатат. Бул билдирүүнү биз УКМК өзүнүн жоопкерчилигин башка адамга оодарып салуу аракети деп сыпаттайт элек. Анткени Замир Жоошевдин тапшырган анализдеринин жыйынтыгы чыга элек экен. Эмне себептен алар Замир Жоошевден жукту деп расмий билдирип жатышат?
Ошол эле убакта биздин өздүк булактар билдиргендей, УКМКнын тергөө абагында кармалып жаткандар ооруп жатышыптыр. Демек, Алмазбек Атамбаевге ошол жактан, балким, жуккандыр. Азыркы кырдаалда мындай билдирүүлөрдү жасоо жоопкерчиликсиз жана чагымчыл аракеттер деп баалайт элек", - деди Жолдубаева.
Кечээ, 29-июнда экс-президент Алмазбек Атамбаевге эки тараптуу пневмония диагнозу коюлуп, ооруканага жаткырылган.