Москвада Жеңиш парады 24-июнда өтөт

Коронавирус пандемиясына байланыштуу башка убакытка жылдырылган Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган аскердик парад Москва шаарында 24-июнда өтөт. Бул тууралуу президент Владимир Путин Коргоо министри Сергей Шойгу менен болгон жолугушуу учурунда айтты.

"Биз бул майрамды 24-июнда өткөрөбүз. Даярдыкты баштагыла!" - деген Путин.

Ошондой эле Владимир Путин "Өлбөс полк" жүрүшүн 26-июлда өткөрүүнү сунуштады. "Биз тобокелчиликтерден кылдаттык менен өтүшүбүз керек. Эгерде коркунучтар пайда болсо, "Өлбөс полкту" 26-июлдан кийин дагы бир айга жылдырабыз", - деген ал.

Эске салсак, 16-апрелде коронавирус инфекциясына байланыштуу Москва шаарында өтүүчү Жеңиш парадын белгисиз убакытка жылдыруу чечими кабыл алынган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
natasha00
2020-05-26 19:47:52
Кылдатттык менен отушун каалайбыз,баары Кудайдын колунда,откоруп койо беруу кк! Ал эми Мигранттарга айтаарым этият болгула сактанганды сактайм дейт! Буйурса аз калды жарыктык жашоо насип этсин!
+5
AdylbekB84
2020-05-26 21:08:59
Тынчтык болсо баары болот буюрса!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан