Индиялык 15 жаштагы кыз оорукчан атасын велосипедге отургузуп алып, 1200 чакырым жүрүп, үйүнө алып келген. Өспүрүм кыздын таасирдүү окуясын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Кыздын атасы Харьяна штатында электрорикшанын айдоочусу болуп иштеген. Ал эми анын үй-бүлөсү Бихар штатындагы айылда жашаган. Бир нече убакыт мурун айдоочу кырсыкка кабылып, 15 жашар кызы атасын караганы Харьяна штатына келет. Коронавирус пандемиясынан улам штатка карантин киргизилип, коомдук транспорттор ишин токтоткон. Жумушсуз калган эмгек мигранттары жөө өз үйлөрүнө кайтышкан. Ал эми кыздын атасы ден соолугуна байланыштуу үйүнө кете алган эмес. Кыз атасынын акыркы акчасына велосипед сатып алууга көндүрүп, атасын артына отургузуп, 8 күндө 1200 чакырым жол жүрүп, үйүнө алып келген.