"Кыргызстан сулуусу-2017" сынагынын жеңүүчүсү, "Аалам сулуусу-2018" сынагынын катышуучусу Бегимай Карыбекова коронавирус инфекциясы менен күрөшүү тобуна ыктыярчы катары кошулду. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырып, каалоочуларды чакырды.
Айтымында, модель "Бирге" ыктыярчылар ассоциациясынын катарына кошулуп, түзүлгөн топ 2-июлдан тартып иштей баштады. Ал ыктыярчылар менен биргеликте пандемия шартында ооруканаларда, стационарларда иштеп жаткан медкызматкерлерге керектүү каражат, тамак-аш жана башка ар тараптуу жардам көрсөтүүдө.
"Биз дарыгерлерге жардам беребиз, Covid-19 илдетине кабылган адамдар менен түз байланышта болобуз. Биздин топто 170 адам болсо анын ичинен 30у жигердүү иштеп жатат. Чын дилден жардам бере алам деген жарандарды катарыбызга кошулууга чакырабыз", - деген ал.
Бегимай Карыбекова италиялык "Еmpоriо Аrmаni" компаниясынын модели, кийинчерээк Германиядагы ири "Louisa Models" аттуу моделдик агенттик менен иштешип баштаганы маалым.