Өлкөнүн айрым аймактарындагы мектептерде окуу салттуу режимде өтүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу бугүн, 21-июлда билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.
Түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалды, Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана жергиликтүү бийлик органдарынын чыгарган чечимдерин эске алып, жаңы окуу жылынын биринчи чейректеги окутуу аралыктан (дистанциондук форматта) уюштурулат. Айрым аймактарда коронавирус илдетинин жайылышы кооптуу эмес деген санитардык-эпидемиологиялык кызматтардын чечими менен мектептерде окуу салттуу режимде өтүлүшү мүмкүн.
"Министрлик биринчи класстын окуучуларын салтуу режимде окутуу маселесин карап жатат. Учурда атайын топ бул маселенин үстүндө иштеп, балдар инфекцияны кандай шартта жугузуп алары, оору кандай өтөрү изилденүүдө. Бир нече варианттар бар, бирок азырынча чечим кабыл алына элек.
Эгерде дарыгерлер реалдуу режимде сабак өтүүгө уруксат беришсе, анда биз окутуунун графигин карап чыгабыз. Мисалы бир класста 40 бала окуй турган болсо, социалдык аралыкты сактоо мүмкүн эмес. Балким, биз окуучуларды эки топко бөлүп, жарымы дүйшөмбү-шейшемби, экинчи бөлүгү шаршемби-бейшемби күндөрү окуй турган график түзүшүбүз мүмкүн. Же бир бөлүгү эртең менен, экинчиси түштөн кийин окуй турган вариантты дагы карайбыз.
Салттуу режимде сабактарды өткөрүүгө мүмкүндүк алган аймактардагы окуу мекемелери Саламаттыкты сактоо министрлигинин койгон талаптарын так аткарууга, системдүү түрдө бардык класстарды санитардык тазалоого милдеттүү болушат. Ошондой эле санитардык-гигиеналык каражаттардын (тепловизорлор, санитайзерлер, бет кап, дезинфекция каражаттардын) болуусун камсыздап, класстарды желдетүүнү, аларды тынымсыз тазалап туруусу зарыл”, - деп билдирди ал.