Улуттук банк үстөк пайыздын ченемин 5 пайыздык деңгээлде калтыруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов онлайн маалымат жыйынында билдирди.
Бул чечим бүгүн, 27-майдан баштап ишке аша баштай тургандыгы айтылды. Абдыгуловдун билдирүүсүнө ылайык, чечим насыя берүү жаатында таасирин берет.
"Мисалы, башка банктар бизден насыяны 5 пайыздан алып кардарларга жеткирет. 5 пайыздык ченди калтыруу өлкө ичиндеги инфляция процесстеринин жүрүшүнө негизделет. Алсак, апрель айында инфляция 8,6 пайызды түзсө, май айында 7,5 пайыз болду. Буга таасир берген негизги эки фактор бар. Биринчиси, албетте, COVID-19 инфекциясынын жайылышы. Экинчиси, бул мезгилдик фактор. Себеби жылда жаз айларында өлкөдө баалар көтөрүлүп кетет. Биздин божомол боюнча июндан баштап инфляция төмөндөйт", - дейт Абдыгулов.