Даниянын Дары-дармек агенттигинин фармакологиялык көзөмөл департаментинин өкүлү коронавируска каршы эмдөө боюнча маалымат жыйын өтүп жаткан учурда эс-учун жоготуп, кулап түшкөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Даниянын Дары-дармек агенттигинин фармакологиялык көзөмөл департаментинин директору Серен Брустрем сүйлөп жаткан учурда жанында турган аял өзүн начар сезип, эс-учун жоготуп койгон. Аталган окуя видеотасмага тартылып калган.
Кийинчерээк, аталган департаменттен аялдын абалы жакшы экенин билдиришкен. Бирок анын эмне себептен кулап түшкөндүгү тууралуу маалымат беришкен эмес.