Орусиянын Якутск шаарында стриптиз бийчилер курьерлик кызматты аркалап, кардарларды кубантты. Алар пиццаны бет кап, кол кап жана ич кийимчен жеткиришкен. Бул тууралуу орус басылмалары жазышууда.
Якутскта жумушсуз калган стриптизчилер пицца жеткирүү боюнча акцияга катышты. Пиццаны жеткирүү кызматынын жетекчиси Александр Скрипиндин айтымында, кыздар өздөрү жумуш сурап кайрылышкан. Алар башкалар сыяктуу эле кол кап, бет кап жана, албетте, башкалардан өзгөчөлөнткөн ич кийим менен пицца жеткиришкен. Акцияга катышкан кыздарга катардагы курьерлерге караганда көбүрөөк чай-пул беришкен.
Маалыматка ылайык, жеткирүү кызматында иштеген стриптизчилер тамакты күзөтчүлөрдүн коштоосунда жеткиришкен.