Баткенде жаштар классташына үй салып беришти. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылынын 7 адамдан турган Жусуповдордун чоң үй-бүлөсү үйлүү болушкан.
"Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген досуна үй салуу демилгесин мектепте чогуу окуган классташ достор көтөрүп, ашар жолу менен үй салып беришти. Жаштар курулуш материалдары үчүн жалпы 350 миң сом каражат сарпташты", - деди маалымат кызматынын өкүлү.
Демилгелүү жаштарга Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан ыраазычылык каттар тапшырылган.