Бишкекте мончо, сауналардын иштөөсүнө уруксат берилди

Бишкек шаарында SPA-борбор, сауна жана мончолорго иштөөгө уруксат берилди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
"Бишкек шаарынын мэриясы 10-майдагы буйругуна өзгөртүү киргизди. Мындан ары SPA-борборлор, сауналар жана коомдук мончолор уруксат берилген ишмердүүлүктүн катарына кирет. 29-майдан тартып Гагарин көчөсүндө (Рабочий городок) жайгашкан №5 муниципалдык мончо да ишмердүүлүгүн баштайт.
Ишмердүүлүгүн баштаган мекеме санитардык-гигиеналык эреже жана талаптарды аткарууга милдеттендирилет. Бул имаратты дезинфекциялоо, администрация жана тейлөө кызматкерлеринин бет кап, кол кап кийүүсү, ар бир кардар үчүн санитайзер, антисептикалык каражатты орнотуу, ошондой эле санитардык аралыкты сактоо үчүн атайын белгилерди коюу талабы", - деп жазылат маалыматта.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
algakaray
2020-05-29 06:23:04
Сауна менен тойканалар ушу менен жабылып калса эч кейибейт элем!
0
Mylatka..
2020-05-29 23:33:19
эмнеге коопсуз таза мечиттердин ачпайсынар ,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан