Кыргыз өлкөсүнүн кооз 10 жайына барып, сүрөткө түшүп жөнөткөндөргө сыйлык ыйгарылат

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов министрлик тарабынан Кыргыз жарандарына сынак уюштурулуп жатканын бүгүнкү брифинг учурунда билдирди.

"Министрлик Кыргыз жарандары үчүн ички туризмди өнүктүрүү максатында жаңы сынак уюштуруп жатат. Анын талабы боюнча, өлкөнүн 10 кооз жайына, тарыхый жерлерге барып эс алып, сүрөткө түшүп, ошол боюнча бизге селфи түрүндө сүрөттөрүн жөнөтүүсү керек.

Алар: Бурана комплекси, Өзгөн мунарасы, "Шах-Фазиль" мавзолейи, "Таш-Рабат" тарыхый комплекси, Сары-Челек коругу, "Манас" күмбөзү, Сан-Таш, "Сказка" каньону, Арсланбап жаңгак токою, Сулайман тоо. Ушул жайларга барып, фонунда сүрөткө түшүп, биздин социалдык тармактагы баракчаларыбызды белгилеп, сүрөтүн жөнөтсө, ошол жарандарыбызга "Ардактуу турист" деген наам ыйгарабыз. Андан сырткары белек-бечкектер да берилет", -
деп билдирди Жаманкулов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Marks
2020-05-29 14:53:11
Кайсы номерге жонотсо болот экен билип бергилечи Супер инво.
0
admin_media
2020-05-29 15:03:07
Marks,Өзүңуздүн социалдык тармактагы баракчаңызга жүктөп, министрликтин социалдык тармактагы расмий баракчаларын белгилейсиз.
0
Gulya78
2020-05-29 15:42:17
Абшыр Ата шаркыратмасын да кошуп койгула Аллахтын керемети ушул кунго чейин суу кайдан чыгаарын окумуштуулар изилдеп табышпаптыр
+1
bond02
2020-05-29 17:59:10
Gulya78,баардык эле жерде суу жерден чыгат.
+5
KaGaH
2020-05-29 23:10:33
bond02, ха ха ха
0
Aigesha1511
2020-05-30 15:31:59
Вааай 10 жерге барып эс алганга акча жооок.Акчам болгондо балдарыма эт алып келмекмин.
0
Timon
2020-05-30 16:42:00
Баткендин Дара айылында Кудайар хандын чеби турат каралбай..ошону да сактап калса болмок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан