Мектеп бүтүрүүчүсү: "Коронавирус илдети пландарыбыздын бардыгын бузду. Ичибизде өкүнүч жана кайгы сезимдери бар"

Акыркы коңгуроо мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн жашоосунда бир гана жолу өтүүчү майрам. Ар бирибиз бул күнү өзүбүздүн мектепти аяктап, чоң жашоого кадам таштаганыбызды эстейбиз. Мектеп менен коштошууда бүтүрүүчүлөр толкунданышып, көзүнө жаш алышат. Бул жылы акыркы коңгуроо өзгөчө кагылды. Коронавирус илдетине байланыштуу аталган иш-чара онлайн режиминде өттү.

SUPER.KG порталы Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Аманбаев айылындагы Ч.Айтматов атындагы орто мектебинин эң алдыңкы бүтүрүүчүсү Мадина Смаилова менен баарлашты. Мадина Смаилова облустук олимпиадада англис тил сабагы боюнча 1-орунга ээ болгон. Ошону менен катар эле мектептеги коомдук иштерге активдүү катышып келет.

Ал мектептин алдында акыркы коңгуроо кагылат деп бул күндү көптөн бери күтүп келгенин айтты.

"Менин классташтарым бардык бүтүрүүчүлөрдөй эле акыркы коңгуроо күнүн күткөнбүз. Жылдагыдай эле мектептин алдында мугалимдерибиз, мектебибиз менен коштошобуз деген ойлорубуз болгон. Тилекке каршы, коронавирус илдети биздин пландарыбыздын бардыгын бузду. Албетте, ичибизде өкүнүч, кайгы сезимдери бар", - деди бүтүрүүчү.

Мадина Смаилова акыркы коңгуроо онлайн режиминде өтсө да көзүнө жаш алганын билдирди.

"Чыныгы акыркы коңгуроо менен онлайн режиминдеги акыркы коңгуроонун айырмасы абдан эле чоң экен. Бирок биздин мугалимдерибиз бул кайгы сезимдерин сездирбегенге аракет кылышты. Онлайн куттуктоо сөздөрүн даярдашып, көңүлүбүздү бир топ көтөрүп коюшту. Досторубуз бири-бирибиздин көңүлүбүздү чөктүрбөгөнгө аракет кылдык. Буюрса, бул салтанатты жакшы өткөрүп алдык. Ар бирибиздин көзүбүзгө жаш кылгырып жатты. Айтылган сөздөр жүрөктү жылытты. Мугалимдердин, классташтарымдын жылуу сөздөрүн угуп, көзүмө жаш алдым", - дейт Смаилова.

Англис тил сабагы боюнча облустук олимпиадаларда ийгилик жаратып келген Мадина келечекте кыргыз тил жана адабият сабагынан мугалим болгусу келерин белгиледи. Ал балдар менен иштешкенди жакшы көрөрүн айтып, келечекте өзүнүн мугалимдериндей болорун кошумчалады.

"Мен эң биринчи класс жетекчибиз Гүлмира Төлөгөнова, мектеп директору Динара Нуралиева, Майрам Байгобулова мугалимдерибизге терең ыраазычылыгымды билдиргим келет. Коронавирус илдети биздин көптөгөн пландарыбызды бузуп, кайгыга батырды. Мугалимдерибиз интернет аркылуу биз менен байланышып, сабактарды кызыктуу өткөргөнгө аракет кылып жатышты.

Кыргыз өлкөсүнүн бардык бүтүрүүчүлөрүнө айтып кетерим, эң башкысы акыркы коңгуроо онлайн режиминде өттү деп өкүнбөгүлө. Бизди жакшылыктар алдыда күтүп турат. Өзүбүз каалаган окуу жайга өтүп, кыргыз элинин керегине жараган мыкты инсандардан бололу", - деп мектеп бүтүрүүчүсү сөзүн аяктады.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Milduri
2020-05-30 13:18:00
Таластагы мектептерди ачып кадимкидей окуу жылын аяктатып Акыркы Коңгуроо аземин өткөргөнү уруксат бериши керек эле, Таласта бир да учур катталган жокко, мындан кийин да катталбайт бийликтегилер Таластан коркот. Дагы деле кеч эмес бүтүрүү кечелерине уруксат бериш керек.
-8
Agayu
2020-05-30 13:47:35
Мигранттардын акчалары түгөнтат , күндөн күнгө, иштеп атышат , бирок кидала болгондор да бар .Бизди ойлогон бир да пенде жок , акыркы коңгуроо ну проблема кылбагылачы
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан