Орусияда бир сутка ичинде коронавирустан каза болгондордун рекорддук көрсөткүчү катталды

Орусиянын 84 аймагынан акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясы 8 миң 572 адамдан аныкталды. 232 адам каза болсо, 8 миң 264 бейтап айыгып чыкты. Орусияда сутка ичинде коронавирустан каза болгон 232 адам эпидемия башталгандан бери коронавирустан каза болгондордун рекорддук көрсөткүчү болуп саналат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус аныкталган адамдардын ичинен:

Москва шаарында - 2 миң 332;

Москва облусунда - 773;

Санкт-Петербург шаарында - 369;

Нижегород облусунда - 281 адам жана калгандары башка аймактардан.

Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 387 миң 623 адамдан коронавирус аныкталды. 4 миң 374 адам каза болсо, 159 миң 257 бейтап айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан