"Мен коронавирустан айыктым". "Ээнсиреген үй" тасмасындагы актриса Марал Койчукараева ооруну жеңгенин билдирди

"Ээнсиреген үй" тасмасында башкы ролду жараткан актриса Марал Койчукараева коронавирус менен ооруп, айыкканын социалдык баракчасына жазып чыкты.

"Мен COVID-19 инфекциясынан айыктым, башымдан таажыны алдым, ура! Бүгүн ооруканадагы баракчаны жаптык, эми мен айлана-чөйрөдөгүлөр үчүн коопсузмун. Мен жана балам үчүн вирус болгондой деле сезилген жок, оңой көтөрдүк. Апам эки аптага пневмония менен ооруканага жатып калбаганда инфекция эл айткандай аябай коркунучтуу экенин деле билмек эмесмин. Кудайга шүгүр, азыр апамдын абалы да жакшы, апам сакайды. Бир кубанткан нерсе, бизде эми коронавируска каршы иммунитет пайда болду", - деп жазган актриса.

Эске салсак, актриса көп жылдан бери уулу менен Москва шаарында жашап, мал доктур болуп эмгектенип келет.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Aituwas
2020-05-30 20:37:47
Ооа, оруу чын эле бар экен .мен да ишенбей жаткам...Питердеги тайжем мн жездем ооруп жатыптыр
+10
erlan2196
2020-05-30 21:58:45
Ушул кыз мага абдан жагат. Просто сексуально.
+1
Eminahanym
2020-05-31 09:33:49
Бар экен.Кыргыздар Москвада Женилинен болуп жатыптыр. 1кватирада 2комнатплуу 10адам барэкен. Баары ооруптур. 14 кун эшике чыкпай коюптур. 1адам маска тагвп барып продукта и дарыдармек алып келип 14кундо жакшы болуптур. 1адам калды жакшы болоэлек. Эмии жакшы болуп келатат деди. Андыктан гигиенаны сактап эле айтканды квлып кучтуу тамак жеп иммунитетти которгуло.
+3
algakaray
2020-05-31 09:48:01
Бир эпизоддо ачыгыраак тартылган жери бар эле. Ошо эле жерин эстей берем Маралды коргондо. Бир жери тартып турат да ушу кыз.
+1
souza.j
2020-05-31 10:37:19
Ооругандар жугузуп алса кайра ооруйт экен го. Этият болунуз. Фильм боюнча базар жоок. Кээ бир эпизоддору такыр эстен чыкпайт да
+1
faraon312
2020-05-31 11:01:08
Ушул Марал менен Зинанын ролун ойногон Роза Азимбаеванын карьерасын да, тагдырын да режиссерлор талкалап салды. Эл качан болсо ошол эпизоддорун айтып келет. Бул эми көпкө ээрчийт.
+4
Alia82
2020-05-31 12:44:51
faraon312,туура, режиссёрлор кичине ойлонсо озунун киносун эле ойлобостон кичине кагазга ороп биздин менталитетке туура келе турган кылып тартса
+1
001KG
2020-05-31 14:12:19
faraon312, режисерго пофигта, тартылам десе тарта беретта иливойун. Тигилердин эмне башы жокпу? Алар деле өздөрүнүн ойной турган ролдорунун тексттерин окуп чыгып, анан макул болгонда. Же эмне зордоп эле тартып салды деп ойлойсуңбу?
+2
Asel69
2020-05-31 15:31:53
Жакшынакай айым экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан