Кризиске байланыштуу юристтин кеңешине муктаж болгон жарандарга республикалык штаб тийиштүү кызмат иштеп жатканын билдиришти.
"Юридикалык «Тез жардамдын» номери – 112! Пандемия үчүн болгон кризис турмуштун бардык чөйрөлөрүнө таасирин тийгизди. Биздин юридикалык маселелер боюнча так жооп алуу муктаждыгыбыз өсүүдө. Бирок баарында юрист менен жеке сүйлөшүү мүмкүнчүлүгү жок. Биз убакыттын чакырыктарына жооп беребиз!
Кыргыз жарандарына жана өлкөнүн конокторуна акысыз укуктук онлайн-колдоо көрсөтүү эми кыргыз, орус жана англис тилдеринде жеткиликтүү. Тынымсыз байланыштын иштөө убактысы саат 08:00дөн 20:00гө чейин, жекшембиден башка бардык күндөрү.
Долбоор Кыргыз өлкөсүндөгү БУУӨП колдоосу менен Юстиция министрлиги жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен ишке ашырылууда", - деп жазылат маалыматта.