Бүгүн, 14-январга карата өлкө боюнча коронавирус илдети 586 адамдан аныкталды. Бул тууралуу брифингде Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы Айнура Акматова айтты.
Анын айтымына караганда, илдет эң көп аныкталгандар Бишкек шаарында катталды. Учурда борбор калаа кызыл зонага кирди.
Бишкек - 435
Ош шаары - 22
Чүй облусу – 49
Ош облусу – 9
Талас облусу - 11
Нарын облусу - 1
Ысык-Көл облусу – 17
Жалал-Абад облусу – 37
Баткен облусу - 5
Белгилеп өтсөк, кечээ, 13-январда 742 адамдан коронавирус илдети аныкталган.