Орусияда акыркы бир сутка ичинде 9 миң 268 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 138 адам каза болсо, 4 миң 414 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:
Москва шаарында - 2 миң 595 (жалпы 180 миң 791);
Москва облусунда - 757 (жалпы 38 миң 995);
Санкт-Петербург шаарында - 369 (жалпы 15 миң 949);
Нижегород облусунда - 301 (жалпы 9 миң834) адам жана калгандары башка аймактардан.
Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 405 миң 843 адамдан коронавирус аныкталды. 4 миң 693 адам каза болсо, 171 миң 883 бейтап айыгып чыкты.