Орусияда коронавирустан акыркы бир сутка ичинде 156 бейтап каза болду

Орусиянын 85 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 6 миң 422 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 156 адам каза болсо, 10 миң 424 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:

Москва шаарында - 628;

Санкт-Петербург шаарында - 264;

Свердлов облусунда - 263;

Ханты-Мансийск автономиялуу облусунда - 251 адам жана калгандары башка аймактардан.

Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 746 миң 369 адамдан коронавирус аныкталды. 11 миң 770 адам каза болсо, 523 миң 249 бейтап айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
AdylbekB84
2020-07-15 16:37:57
Ушул Россиянын статистикасына эч ишенбеймин, канчалаган мигранттарды кабыл албай алар үйүндө дарыланып жатышат!
0
Aimani
2020-07-15 18:58:13
AdylbekB84,бизде деле ошо. Кабыл албай үйүндө дарыланып жаткандар толтура. Статистика жөн эле бери жагы. Мигрант эмес өз жарандарына жардам жок өлүп атышат
0
Kaarman.1989
2020-07-15 20:19:42
Москвада 20 милион адам 628 адам
Бишкекте 1 милилн адам 500 дон коп
Бизде совсем критический болуп калдыбы ошондо кудай сактасын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан