1-июнга карата өлкөдөгү стационарларда 620 бейтап коронавируска каршы дарыланып жатат. Анын ичинен 5 бейтап оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Дагы 2 миң 393 адам обсервацияда калууда.
Бул күнгө карата аймактардагы стационарлардагы статистика кандай болуп жатканына кызыгып көрдүк. Маалымат Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий сайтындагы күн сайын жаңыланып туруучу картасынан алынды.
Бишкек жана Чүйдө жалпысынан 830 жарандан коронавирус аныкталган. Анын ичинен 521 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылса, дагы 9 бейтап (Бишкекте 7, Чүйдө 2) каза болду. Калган 299 жаран дарыланып жатат.
Ош облусу жана Ош шаары боюнча жалпы 410. Анын 173 бейтабы облустагы стационарларга жаткырылып, бүгүнкү күндө 141и айыкты. Дагы үчөө каза болду. Учурда 29 бейтап (Араван аймактык ооруканасында 2, Алай аймактык ооруканасында 2, Кара-Кулжа аймактык ооруканасында 7, Ноокат аймактык ооруканасында 7, Кара-Суудагы аймактык ооруканада 7, Өзгөндөгү аймактык ооруканада 4) стационарларда калууда.
Ош шаарында 237. Анын 155 бейтабы илдеттен арылса, дагы үчөө каза болду. Стационарларда 79 бейтап дарыланууда Ош шаардык клиникалык ооруканасында 49, Ош облустук ооруканасында 30).
Жалал-Абад облусу боюнча жалпы 163. Бүгүнкү күндө анын 151 айыгып, 12 бейтап стационарларда калууда. (Аксыдагы аймактык ооруканада 1, Жалал-Абад облустук ооруканасында 8, Чаткалдагы дарыгерлер борборунда 3).
Нарында жалпы 373. Анын ичинен 176 жаран сакайып, бир бейтап каза болду. 196 бейтап дарылануусун улантып жатат. (Нарын облустук ооруканасында 155, Нарындагы үй-бүлөлүк медициналык жайында 4, Ак-Талаа аймактык ооруканасында 16, Ат-Башы аймактык ооруканасында 5, Кочкор аймактык ооруканасында 16).
Баткен облусунда жалпы 28. Анын 24 бейтабы айыгып, үйлөрүнө чыгарылса, 4 жаран Кызыл-Кыя аймактык ооруканасында калууда.
Ысык-Көлдө жалпы 14. Анын 13 бейтабы айыгып, 1 жаран Балыкчы шаарындагы аймактык ооруканасында жатат. Белгилей кетсек, 27-апрелден 11-майга чейин аталган облуста ооругандар катталган эмес. Ага чейин катталган 10 бейтаптын бардыгы 6-майга карата айыгып, медициналык жайдан чыгарылган.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, стационарлар айрым аймактарда (район, айыл) түзүлгөн эмес. Бейтаптын абалы оорлошуп кетсе, шарты жакшы стационарга которулат. Мындан улам оорулуу жаран айыкканда кайсы аймактын ооруканасынан чыккан болсо, ошол аймактын статистикасына кошулуп, баланча аймактан мынча бейтап айыкты деп эсептелет.