Коронавирус инфекциясын алдын алуу жана көзөмөлдөө максатында Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Күн сайын Бишкек шаарындагы үй-бүлөлүк медицина борборуна шарты начар аймактардан келген жарандар жашаган же убактылуу жашап турган дарекке барып инкубациялык убакта (14 күн) көзөмөлдөп туруу боюнча тапшырма берилет.
2 айдан бери бардык мектеп, бала бакчаларга аба нымдуулугун, жылуулуктун сакталышы боюнча санитардык-эпидемиологиялык текшерүү жүргүзүлүүдө. Коронавирус инфекциясынын алдын алуу үчүн коомдук тамактануучу, соода, билим берүү жайларында да текшерүү болду. Жалпысынан 252 семинар, 312 радиолекция өткөрүлүп, 7 447 эскертме, 250 плакат, 5000 баракчалар (шарты жакшы эмес өлкөгө бараткандарга же келгендер үчүн эскертме) таратылды", - дешти басма сөз кызматынан.