Депутат: "Кыргыз-Тажик чек арасындагыдай кырдаал жаралганда өкмөт толугу менен отставкага кетиши керек болчу"

"Кыргыз-Тажик чек арасындагыдай кырдаал жаралганда өкмөт толугу менен отставкага кетиши керек болчу", - деп бүгүн, 20-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Исхак Масалиев билдирди.

Ал бул маселени кароону кийинкиге жылдыруу керектигин айтты. "Мындай окуя болгондо өкмөт толугу менен отставкага кетиши керек эле. Чек арада 7-мартта коркунуч болгон. Премьер-министр келгенден бери ким кызматтан бошотулду? Кимге сөгүш жарыяланганы боюнча маалымат бериши керек", - дейт ал.

Депутат Карамат Орозова өкмөттүн отставкасын талап кыла турганын айтты.

Депутат Алтынбек Сулайманов: "Премьер-министр аман болсун, мындай кырдаалда жазгы-талаа иштери жүрүп жатат деп Ошко кетип калганы туура эмес".

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан