2-июнга карата Жалал-Абад облусунда коронавируска кабылгандардын саны жалпысынан 162ни түздү. Анын ичинен 156 бейтап айыгып, калган 6 бейтап стационарларда калууда. Мындай маалыматты өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов брифинг учурунда айтты.
"Дарылануусун улантып жаткандар - Аксыдагы аймактык ооруканада 1, Ноокендеги аймактык ооруканада 1, Токтогул райондук ооруканасында 3, Сузак районундагы ооруканада 1. Бейтапканада калган 6 жаран Орусиядан келгендер.
Облустун аймагындагы Чаткал, Ала-Бука, Тогуз-Торо райондору жана Кара-Көл, Майлуу-Суу, Жалал-Абад шаарларында катталган оорулуулардын баары айыгып, аталган аймактар тазаланды.
Бүгүнкү күндө ооругандар менен байланышта болгон делинип 108 жаран үй карантининде жатат. Алардын арасында Орусиядан "Жүк-200дү" алып келген жана коштоп келген жарандар менен байланышта болгондор дагы бар", - деди Мирзахмедов.