Коронавирус пандемиясынан улам өлкө боюнча убактылуу жабылган мечиттер жакын арада ачылат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына муфтияттын басма сөз кызматкери Максат Атабаев билдирди.
"Мусулмандардын дин башкармалыгы жана мусулмандардын аалымдар кеңеши мусулмандардын башында турган жооптуу мекеме болгондон кийин мечиттердин ачылуусу боюнча буга чейин эле тиешелүү мекемелерге атайын кат аркылуу кайрылып келген. Өкмөт тарабынан этап-этабы менен ачылган жайлар (базар, цехтер жана башкалар) учурунда дагы мечиттердин ачылуусу боюнча дайыма өзүнүн сунуштарын берип келген. Бул жаатта Муфтият өзүнө тиешелүү болгон бардык милдеттерди так аткарды. Буюрса, мечиттерибиздин ачылуусуна аз калды.
Учурда Муфтият тарабынан мечиттерде карантиндин эрежелерин сактоо боюнча атайын тартиптер иштелүүдө. Мечиттерибиз ачылып калса, жарандарыбыздын ден соолугу жана коопсуздугу үчүн бардык аракеттер көрүлөт", - деди Атабаев.
Коронавирус пандемиясынан улам муфтият 17-мартта өлкөдөгү мечиттерде жума намазын чогулуп окууга убактылуу тыюу салган.