Японияда коронавирустун кесепетинен 16 миңден ашык адам жумуш ордунан кол жууду

Дүйнөгө кулачын кенен жайган коронавирус адамдардын жашоо образын өзгөртүүгө жетишти. Учурда вурустун кесепети дүйнөнүн ар бир бурчуна жеткен чагы. Мындай кесепеттерден Япония дагы артта калган жок. Алсак коронавирустун айынан Японияда 16 миң 700дөн ашык адам жумушсуз калган. Бул тууралуу аталган өлкөнүн расмий маалыматына таянып, чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жумушсуз калган жарандардын көпчүлүгү туризм тармагында эмгектенген адамдар. Январдын аягынан 29-майга чейин мейманкана бизнеси чөйрөсүндө 3 миң 700, туристтик автобустарды башкаруу компаниясында жана такси тармагында 2 миң 287 адам, өндүрүштө 2 миң 122 адам жумушсуз калган. Муну менен эң чоң сокку туризм тармагына туш келген.

Токио префектурасында 2 миң 495 адам жумушсуз калса, андан кийин Осакада 1 миң 789, ал эми Хоккайдо префектурасында 1 миң 25 адам жумушсуз калган.

Биржа эмгегине консультацияга 30 миңден ашуун арыздар келип түшкөн. Алардын көпчүлүгү, тагыраагы 8 миңдейи акыркы аптада жумуштан бошотулгандыгы белгилүү болгон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан