Англиялык окумуштуулар коронавируска каршы дары ойлоп табыш үчүн инфекцияны жуктурганга даяр адамдарды издейт. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, бул ооруну жуктуруп дары ойлоп табууга жардам берем деген 24 ыктыярчыга 4 миң 500 доллар төлөнүп берилет. Бул ооруну жуктуруп акча алгандар Лондон шаарынын чыгышындагы Уайтчпелд районунда эки апта карантинде болот жана диета кармашат. Окумуштуулардын билдиришинче макул болгон адамдарга бул вирустун жеңил түрү жуктурулат. Тесттен ийгиликтүү өткөн дарылар коронавирус менен ооругандарга колдонулат.
Акыркы маалыматтар боюнча, коронавирусту дүйнөдө 119 миң 108 адам жуктурган болсо, 4 миң 284 адам бул илдеттен каза болду.