Казакстандын Алматы шаарында карантиндин талаптары күчөтүлүшү мүмкүн

Казакстандын Алматы шаарында карантиндик талаптар күчөтүлүшү мүмкүн. Буга айрым ишканалардын эскертүүлөргө карабай, санитардык талаптарды бузгандыгы себеп болгонун казак басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, аталган шаардын башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин талаптарды аткарбаган ишканаларды жабуу маселеси каралып жатканын айткан. Анын айтымында, бүгүнкү күнгө дейре карантиндин эрежелерин бузуу уланууда. Бул шаардагы эпидемиологиялык абалды курчутат. Ошондуктан алдыда карантиндин талаптарын күчөтүү каралып жатканын кошумчалаган санитардык дарыгер.

Учурда Казакстанда коронавирус менен ооругандардын саны 11 миң 796га жетип, анын 5 996сы илдеттен арылды. 44 бейтап каза болду.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан