Республика боюнча өпкөнү жасалма дем алдыруучу 649 аппарат бар. Бүгүнкү күндө бул аппараттар жетиштүү дейт биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов.
"Учурда 438 аппарат иштесе, 211 иштебей турган аппараттарды оңдоо иштери жүрүп жатат. 134 аппарат оңдоого жарамдуу делинип, бүгүнкү күндө анын 41 оңдолуп, ишке берилди. Ал эми 77 аппарат оңдоого жарабайт. Мындан тышкары 8 аппарат жардамга келген, дагы 80 жасалма дем алдыруучу жабдык сатып алуу пландалууда", - деп кошумчалады Боронов.