4-февралга карата Кытайдын Саламаттыкты сактоо мамлекеттик комитети коронавирус менен жабыркагандар тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык, жалпы ооругандардын саны 24 миң 324 кишиге жетсе, 490 адам көз жумду.
Муну менен бир сутка аралыгында вирусту 3 миң 887 адам жуктуруп алышса, 65 киши каза болду. Алардын баары Хубэй провинциясында катталды.
Өлкөнүн ооруканаларында 185 миң 555 жаран коронавирустун белгилери бар делинип, текшерүүдөн өтүшүүдө. 892 киши эмдөөдөн кийин ооруканадан чыгарылганы маалымдалды.