Бүгүнкү күндө коронавирустан дарыланып жаткан 22 бейтаптын абалы оор. Бул тууралуу брифинг учурунда Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Анын айтымында, учурда 530 бейтап стационарда дарыланууда. Алардын ичинен:
* канааттандырарлык абалда - 4;
* орто оордукта - 289;
* оор абалда 115;
* өтө оор абалда - 22.
Ал эми 577 бейтап амбулатордук дарыланууда.